Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү

Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү

Кыргызстандын Улуттук банкы декабрда биринчи жана бир жыл ичиндеги эң ири интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк валюта рыногуна 14-ирет чыгып, 71.3 млн доллар сатты.

Акыркы жолу жөнгө салуучу 26-ноябрда интервенция жасаган, анда келишим 44.6 млн долларды түзгөн.

Улуттук банктын акыркы ири интервенциясы 23-ноябрда болуп, жөнгө салуучу орган 70.3 млн доллар саткан. Жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун кармап турууга 633 млн доллар короткон.

Эскерте кетсек, жакында УБ Economist.kg басылмасына берген комментарийинде регулятор эмне үчүн интервенция жасап туруу керектигин жана эсептик чен тууралуу айтып берген.

Мындан тышкары окуңуз

Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Агартуу министрлиги мектеп формасына байланыштуу сунуштарды кароо үчүн түзүлгөн атайын жумушчу топ өз чечимин чыгарды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому өзгөртүүсүз күчүндө калат. Министрликтин маалыматына ылайык, чечим мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен кабыл алынган. Буга чейин көпчүлүк ата-энелер балдарына “үстү ачык түстө,

Министрлер кабинети эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселени талкуулады

Министрлер кабинети эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселени талкуулады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Адылбек Касымалиев, алгач 1-май – Эмгек майрамына карата өлкөнүн жалпы эмгек адамдарын куттуктап, акыркы беш жылдын ичинде Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинде эмгекчилердин

Бүгүн, 1-май жаздын жана эмгектин майрамы

Бүгүн, 1-май жаздын жана эмгектин майрамы

Бүгүн, эмгектин баркын даңазалаган, ар бир адамдын аракетине, мээнетине урмат көрсөтүлгөн өзгөчө дата. Өнүгүүнүн, ийгиликтин жана туруктуулуктун негизи дал ушул талыкпаган эмгекке таандык.  Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди 1-май жаздын жана эмгектин майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!  Ар бириңиздердин ишиңиздер жемиштүү болуп, койгон максаттарыңыздар ишке ашсын. Кылган эмгегиңиздер

Гүл, көчөт саткан жайлардын фитосанитардык абалы текшерилди

Гүл, көчөт саткан жайлардын фитосанитардык абалы текшерилди

28-апрелде Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын фитосанитардык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы өсүмдүк тектүү продукцияларды сактоочу жана сатуучу жайларда мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү учурунда гүлдөрдү, декоративдик өсүмдүктөрдү жана көчөттөрдү саткан айрым соода түйүндөрүндө фитосанитардык коштоочу документтердин жана сертификаттардын толук эместиги аныкталды.