Бишкекте Италиянын Элчилигин ачуу жана Кыргыз-италиялык инвестициялык фондун түзүү кайрадан талкууланды

Бишкекте Италиянын Элчилигин ачуу жана Кыргыз-италиялык инвестициялык фондун түзүү кайрадан талкууланды

Кыргыз-италиялык инвестициялык фондун түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу маселеси кайрадан каралды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» иш чарасынын алкагында Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуу учурунда талкууланганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мындай макулдашуулар Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш-сапарынын жыйынтыгында жетишилген болчу.

Жолугушууда кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте Элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында КРнын президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш-сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш-сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Жылалды айылынын Беш-Кепе тилкесинде З.Т. аттуу тургун болжол менен 100 чарчы метр

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жол катмарын капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 4-5-июлда Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу чектелет.  Бишкек шаардык мэриясы убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында өтүп жаткан "Тескей Ысык-Көл" форумуна катышты. Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана эксперттик чөйрөнү бириктирип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги, инвестиция тартуу жана Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүн арттыруу маселелерин талкуулоого