КРга кирүүдө ПЧР-тестти тапшыруу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылышы мүмкүн

КРга кирүүдө ПЧР-тестти тапшыруу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылышы мүмкүн

Жакынкы арада республикага келген бардык жактардын маалыматын электрондук түрдө каттоо киргизилет. Буга катар Саламаттык сактоо министрлигине чек араны кесип өткөндөр үчүн ПЧР-тестти тапшыруу мөөнөтүн келүүгө дейре 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин карап чыгууну Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. 

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы эпидемиологиялык абал каралып, жарандарды эмдөөгө тийиштүү маселелер талкууланды. Атап айтканда, акыркы жумаларда вакцинация боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Ысык-Көл облусунда байкалууда. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер арасында вакцинация темпин тездетүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, штабдын катышуучулары «omicron» штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чараларды талкуулады. Эдил Байсалов штабдын мүчөлөрүнө жаңы штаммдын тез жайылышынын алдын алуу максатында натыйжалуу иш-аракеттер алгоритмин иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу дагы бир ирет эскертти. 

Эдил Байсалов белгилегендей, Министрлер Кабинети мамлекеттик чек араларды жабууга каршы, ага байланыштуу COVID-19 жаңы штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүү зарыл. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Жылалды айылынын Беш-Кепе тилкесинде З.Т. аттуу тургун болжол менен 100 чарчы метр

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жол катмарын капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 4-5-июлда Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу чектелет.  Бишкек шаардык мэриясы убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында өтүп жаткан "Тескей Ысык-Көл" форумуна катышты. Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана эксперттик чөйрөнү бириктирип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги, инвестиция тартуу жана Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүн арттыруу маселелерин талкуулоого