Салык төлөөчүлөр карыздарын реструктуризациялоого 3 жума калды

Салык төлөөчүлөр карыздарын реструктуризациялоого 3 жума калды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга 3 жумадан аз убакыт калганын эскертет.

Мындай жеңилдик КРнын 2020-жылдын 14-августундагы «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 50%га эсептен чыгарылат.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган Мыйзам күчүнө киргенден тартып – 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 1-декабрына чейинки абал боюнча 10 миң 343 салык төлөөчүнүн 631.4 млн сом суммасындагы туум, айып жана салык санкциялары эсептен чыгарылган. Алар тарабынан салык боюнча 450.7 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 310.1 млн сом суммасында карыздын негизги суммасы төлөнгөн.     

  • Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын соода өкүлчүлүгү ширеңке продукциясын өндүрүүчү алдыңкы өзбек ишканасы – “MILLENIUM LIGHT” ЖЧКсынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шканага болгон сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулуктар, технологиялык цикл жана өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү менен таанышышты.  Тараптар

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу максатында жаңы муниципалдык техникалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аким Канболот Тутуев Кемин шаарынын мэриясына Районду өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатып алынган 2 даана таштанды ташуучу атайын унааны жана 1 даана экскаваторду тапшырды. Ошондой эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС)

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

8-июлдан тарта мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы өзбекстандык Malva Tour туроператору менен биргеликте Ташкент — Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамды ишке киргизет. “Кыргызстан аэропортторунун" маалыматына ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтерге Ысык-

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95%ге  жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин,