15 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер 2019-2020-жылдар боюнча салык декларациясын тапшырган эмес

15 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер 2019-2020-жылдар боюнча салык декларациясын тапшырган эмес

15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырган эмес. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.

МСК 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуунун жыйынтыгында 15 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырбагандыгын аныктады. Анын ичинен 9 миң 403 декларация 2019-жыл боюнча жана 6 миң 75 декларация 2020-жыл боюнча.

Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 декларация тапшырылган.

Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же алмаштырган адамдардан 2020-жыл үчүн 58 миң 437, 2019-жыл үчүн 54 миң 339 декларация түшкөн.

Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 103 миң 717 декларациясы иштелип чыгып, талдоо жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын сайтында мыйзамга ылайык, 6 миң 200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары) кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын соода өкүлчүлүгү ширеңке продукциясын өндүрүүчү алдыңкы өзбек ишканасы – “MILLENIUM LIGHT” ЖЧКсынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шканага болгон сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулуктар, технологиялык цикл жана өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү менен таанышышты.  Тараптар

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу максатында жаңы муниципалдык техникалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аким Канболот Тутуев Кемин шаарынын мэриясына Районду өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатып алынган 2 даана таштанды ташуучу атайын унааны жана 1 даана экскаваторду тапшырды. Ошондой эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС)

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

8-июлдан тарта мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы өзбекстандык Malva Tour туроператору менен биргеликте Ташкент — Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамды ишке киргизет. “Кыргызстан аэропортторунун" маалыматына ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтерге Ысык-

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95%ге  жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин,