Бишкекте мектептерде 900 бала окуучу жерде 3000 бала окуйт

Бишкекте мектептерде 900 бала окуучу жерде 3000 бала окуйт

Бишкекте мектептерде 900 балага ылайыкташкан жайда 3000 бала окуйт. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Айнура Аскарова билдирди.

Айнура Аскарова Бишкекте мектептерде 900 балага ылайыкташкан жайда 3000 бала окуп жаткандыгын, Бишкек шаарынын кирешесинин канча пайызын республикалык бюджетке кетип жатканын Финансы министрлигинен сурады.

Министрликтин берген маалыматына караган Бишкектин бюджетине түшкөн каражаттын 90% республикалык бюджетке кетет.

«Ички миграциядан улам класстарда балдар батпай жатат. Бишкектин мектептеринин жерлери кенен, кошумча корпустарды курууга мүмкүнчүлүктөр бар. Мектеп директорлору кошумча имараттарды куруп берүүбуздү суранып жатышат. Бишкек шаары менен Ош шаарынын соцобъекттерин өзүнчө киргизүү боюнча маселени карап чыксаңыздар. Бишкектеги билим берүүнү таптакыр талкалап алуу коркунучу турат», – деди Аскарова.

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин билдиргенине караганда, Бишкек мэриясы учурда билим берүү жаатына 3.3 млрд сом төлөп берип жатат жана аны келечекте этап-этабы менен республикалык бюджетке өткөрүү пландалууда.

«Эгерде ошол чыгашаны республикалык бюджетке өткөрсөк, бошогон 3 млрд сомду ошондой тармакка жумшасак болот», – деди министр.

Министрлик ошондой эле Россия Кыргызстанга 7 мектеп куруп берүүнү убада кылганын да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын соода өкүлчүлүгү ширеңке продукциясын өндүрүүчү алдыңкы өзбек ишканасы – “MILLENIUM LIGHT” ЖЧКсынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шканага болгон сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулуктар, технологиялык цикл жана өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү менен таанышышты.  Тараптар

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда 2 таштанды ташуучу унаа жана 3 экскаватор тапшырылды

Кемин районунда коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу максатында жаңы муниципалдык техникалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аким Канболот Тутуев Кемин шаарынын мэриясына Районду өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатып алынган 2 даана таштанды ташуучу атайын унааны жана 1 даана экскаваторду тапшырды. Ошондой эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС)

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет

8-июлдан тарта мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы өзбекстандык Malva Tour туроператору менен биргеликте Ташкент — Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамды ишке киргизет. “Кыргызстан аэропортторунун" маалыматына ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтерге Ысык-

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95%ге  жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин,