КР Улуу Британия, Түндүк Ирландия менен кирешелерге кош салыкты алып салуу боюнча макулдашууну кароодо

КР Улуу Британия, Түндүк Ирландия менен кирешелерге кош салыкты алып салуу боюнча макулдашууну кароодо

Бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү» макулдашууну ратификациялоо маселеси биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров белгилегендей, макулдашуунун максаты – өнөктөш өлкөлөр ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана ар бир мамлекетке  кирешелердин жана капиталдын аныкталган түрлөрүнө салык салуу укугун  бекитүү. Ошондой эле чарбакер субьекттердин кирешелерине жана капиталына карата ар кайсы өлкөдө бирдей салыктар менен кош салык салууну жокко чыгаруу болуп саналат.

Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын  белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун  ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу  өнөктөш  өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык  мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

3-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарындагы Өзгүр айылына караштуу Солнечный дача аймагында балдар үчүн өзүнчө автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев 3-июлда тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Калаа башчысынын айтымында, жакын арада Ош шаарына 20 даана балдар автобусу берилет. Алардын бири Солнечный дача аймагындагы окуучуларды ташуу үчүн бөлүнөт. Жолугушууда жергиликтүү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргызстандын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Мыйзам 10-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын