Кыргызстандын IT продуктусу Сингапурдун акселераторунан 100 миң доллар инвестиция алды

Кыргызстандын IT продуктусу Сингапурдун акселераторунан 100 миң доллар инвестиция алды

Ата мекендик Codify Solutions компаниясынын IT продуктусу сингапурдук Antler акселераторунун акселерациялык программасын жеңип, 100 000 доллар инвестиция алды. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Дина Руслан Facebook баракчасына билдирди.

Codify Solutions Antler портфелдик компаниясына айланды жана азыр инвестициялардын кийинки этабына даярданууда, анда компаниялар орто эсеп менен 1 млн доллар каржы алышат.

«Бул биздин Codify LMS  билим берүү борборлору үчүн окуу системасын автоматташтыруу үчүн алга карай жасалган чоң кадам. Биз дүйнө жүзү боюнча 3 миң стартаптын арасынан тандалып, сынактын үч турунан кийин финалга чыктык. Азыр биздин Codify LMS Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө колдонулат. Биз 70ке жакын билим берүү борборлорунун жана курстарынын бизнесин автоматташтырууга жана кеңейтүүгө жардам бердик», – дейт Дина Руслан.

Белгилей кетсек, Codify LMS CRM IT продукциясы окуу процесстерин автоматташтыруу жана окуу материалдарын даярдоону жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн окутуу жана окуу, үйрөнүү, иштөө үчүн жеке кабинет менен камсыз кылган платформа.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

3-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарындагы Өзгүр айылына караштуу Солнечный дача аймагында балдар үчүн өзүнчө автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев 3-июлда тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Калаа башчысынын айтымында, жакын арада Ош шаарына 20 даана балдар автобусу берилет. Алардын бири Солнечный дача аймагындагы окуучуларды ташуу үчүн бөлүнөт. Жолугушууда жергиликтүү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргызстандын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Мыйзам 10-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын