Финансы министрлиги: «Кумтөрдөн» канча алтын сатылганын биз билбейбиз, «Кыргызалтын» билет

Финансы министрлиги: «Кумтөрдөн» канча алтын сатылганын биз билбейбиз, «Кыргызалтын» билет

Кечээ, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов «Кумтөрдүн» алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу суроосун Финансы министри Алмаз Бакетаевге жолдогон эле. Министр өз кезегинде ал тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген болчу.

Бүгүн, 14-декабрда Финансы министрлиги «өз компетенциясынын чегинде» кайрадан төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кумтөр кениндеги өндүрүштүн акыркы продуктусу алтын, күмүш жана башка аралашмаларды камтыган Доре эритмеси болуп саналат. Аны аффинаждык заводдо иштетип, андан ары сатуу үчүн «Кыргызалтын» ААК сатып алат», – дейт министрлик.

Министрлик Кумтөр кенинен өндүрүлгөн продукцияны сатууга байланышкан бул маселе «Кыргызалтын» ААКтын компетенциясына кирерин кошумчалап, анын функцияларына консолидацияланган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн болжолдоо, кирешелерге мониторинг жүргүзүү жана талдоо кирерин билдирди.

«Буга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2020-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 9 млрд 618.7 млн ​​сом, ал эми 2021-жылдын 11 айында 6 млрд 998.8 млн сом түшкөнүн маалымдайбыз», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жогоруда ведомствонун берген маалыматына таянсак, Кумтөрдөн түшкөн киреше үчтөн бирге кыскарып, бюджетке 2.6 млрд сом түшпөй калган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

2-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчилиги, Октябрь райондук муниципалдык администрациясы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ошондой эле “Бишкекжашылкурулуш”, “Тазалык” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү менен биргеликте 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаадагы билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

1-июндан 1-июлга чейинки мезгил аралыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

3-июлда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагындаичүүчү суу менен камсыздоо тутуму пайдаланууга берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун натыйжасында айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду. Оңдоп-түзөөгө чейин 2002-

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

3-июлда Терек – Чаты – Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат. Жолдорду тазалоо