АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алабыз, бирок 1 доза канчадан болот билбейбиз, божомол менен 10 доллардан кем болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Жыйында КР менен АӨБ ортосундагы Азия Тынч океан аймагындагы вакцинага жетүү механизми алкагындагы Covid-19га каршы эмдөө жүргүзүүнү колдоо боюнча кредиттик макулдашуунун жана гранттык макулдашуунун долбоору» боюнча баяндама жасаган Улук-Бек Бектурганов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

«АӨБдөн 25 млн доллар алып жатабыз, анын 12.5 млн кредит, 12.5 млн грант түрүндө берилет. 25 млн долларга 1.7 млн доза вакцина алабыз, бул эки дозалуу, 780 миң адамга жетет», – деди министрдин орун басары. 

Депутат Мамасадык Бакиров эгер акча так бөлүнүп жаткан болсо, вакцинанын 1 дозасы канча сомдон болуп жатканын, эмнеге баасы чечиле электиги тууралуу суроосун берип, кыска мөөнөттүү долбоорду башкарууга 245 миң доллар эмнеге бөлүнгөнүн сурады.

«Ошондо 1 дозасы канча сомдон болуп жатат? 245 миң долларды долбоорду башкарууга деп бөлүптүрсүздөр, эгер вакцинаны сатып алып жатсаңыздар, долбоор кыска мөөнөттүү болсо, эмнеге бөлгөнүңөрдү түшүнгөн жокмун», – деди Бакиров.

Бектурганов вакцинанын баасы азыр чечиле электигин, божомол менен 1 вакцина 10 доллардан кем эмес болоорун айтты. Ошондой эле АӨБдөн берилчү каражатка вакциналар 2022-жылдын аягында келерин билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, азыр калктын 25% гана эмдөөдөн өттү. 6.5 млн адамдан 70%ы эмдөөдөн өтүш керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

2-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчилиги, Октябрь райондук муниципалдык администрациясы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ошондой эле “Бишкекжашылкурулуш”, “Тазалык” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү менен биргеликте 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаадагы билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

1-июндан 1-июлга чейинки мезгил аралыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

3-июлда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагындаичүүчү суу менен камсыздоо тутуму пайдаланууга берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун натыйжасында айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду. Оңдоп-түзөөгө чейин 2002-

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

3-июлда Терек – Чаты – Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат. Жолдорду тазалоо