Манас Мураталиев: ЭЭАнын субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай келет

Манас Мураталиев: ЭЭАнын субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай келет

«Бишкек» Эркин Экономикалык Аймагынын (ЭЭА) башкы директорунун кеңешчиси Манас Мураталиев арзан жумушчу күчү жана электр энергиясы болгон күндө да ЭЭА субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай турганын билдирди. Мындай пикирин ал «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу Economist.kg басылмасы уюштурган тегерек столдо айтты.

Ал ата мекендик өндүрүшчүлөрдү мамлекеттик деңгээлде колдоо зарылдыгын белгиледи.

«Жакшы шарттарды түзүшүбүз керек, учурда 120га жакын продукцияны чыгарабыз. Электр энергиясы, жумушчу күчү арзан жана салык жок болуп турса да ЭЭА субъекттери импорт менен атаандаша албайт, баасы кымбатыраак болуп чыгууда. Бизде кээде, балким, маселе көмүскө экономикада болуп жүрбөсүн деген суроолор туулуда», – деди ал.

Ал инвестиция салууга даяр ата мекендик инвесторлор дагы инвестициянын кайтарымынан (кирешесинен) күмөн санап жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, эл аралык инвесторлор дагы туруксуз мыйзамдарга ишенишпейт.

«2021-жылы биз чет элдик инвесторлор менен 17 жолу жолугушуу өткөрдүк, бирок алар өз ниетин токтотушту. Кыязы, алар кандайдыр бир стабилдүүлүктү күтүп жатышат. Биздин салык мыйзамдарыбыз азыр өзгөрүп жатат, инвесторго болсо туруктуулук керек. Ар бир жолу бизден ЭЭА боюнча мыйзам канча жолу жана кандай өзгөргөнүн сурашат», – деп кошумчалады Манас Мураталиев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын парламентинин “Борбор Азия – Германия” достук тобунун депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында өтүп, анда тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты. Адылбек Касымалиев Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында учурда 6 жаңы мектеп курууда. Алардын бири — Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп. Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана менен камсыз болот. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык