Жакында антителага тапшырылган анализдер бекер болот

Жакында антителага тапшырылган анализдер  бекер болот

Жакында антителага анализдер бекер тапшырылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, СПИДке каршы глобалдык фонд лабороториялык жабдууларды КРнын аймактарына берип жатат, ал жерде антителага тапшырылган анализдер акысыз негизде алынат.

«Жакында бүт облустарда 3-4 жерлерде, анын ичинде Бишкек шаардык СПИДге каршы республикалык жана шаардык борборлордо тапшырууга болот», – деди Бектурганов.

Ошондой эле министрдин орун басары антителага анализдер республика боюнча 800 сомдон, жеке клиникаларда 1600 сомдон экенин билдирип, аталган анализ Казакстанда 3000 сомдон, Россияда 5000 сомдон, Швейцарияда 390 евро экенин жана бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан экенин айтты.

Депутат Ирина Карамушка министрдин орун басарына Швейцария менен Кыргызстандын айлык акысын салыштырууга мүмкүн эмес экенин, КРда кээ бир мугалимдердин айлыгы 5000 сом экендигин эскертти.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

2-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчилиги, Октябрь райондук муниципалдык администрациясы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ошондой эле “Бишкекжашылкурулуш”, “Тазалык” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү менен биргеликте 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаадагы билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

1-июндан 1-июлга чейинки мезгил аралыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

3-июлда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагындаичүүчү суу менен камсыздоо тутуму пайдаланууга берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун натыйжасында айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду. Оңдоп-түзөөгө чейин 2002-

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

3-июлда Терек – Чаты – Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат. Жолдорду тазалоо