БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында айтылат.

Берилген маалыматка ылайык, 6 партия 5%дык чектен өттү.

Алар: 

«Ата-Журт Кыргызстан» — 222 005 добуш, 17.32%

«Ишеним» — 174 470 добуш, 13.61%

«Ынтымак» —  141 009 добуш, 11%

«Альянс» – 106 955 добуш, 8.35%

«Бүтүн Кыргызстан» —  90 223 добуш, 7.4%

«Ыйман Нуру»– 79 025 добуш, 6.17%.

Кайсы партия канчадан мандат алат?

«Ата-Журт Кыргызстан» – 15 мандат

«Ишеним» – 12  мандат

«Ынтымак» – 9 мандат

«Альянс» – 7 мандат

«Бүтүн Кыргызстан» – 6 мандат

«Ыйман Нуру» – 5 мандат.

Партиялардан кимдер депутат болот?

«Ата-Журт Кыргызстан»

  1.  Бакыт Төрөбаев
  2. Фархат Исмаилов
  3. Таалайбек Сарыбашов
  4. Айбек Маткеримов
  5. Жеңишбек Токторбаев
  6.  Эльдар Сулайманов
  7. Равшанбек Сабиров
  8. Жылдыз Садырбаева
  9. Алишер Козуев
  10. Жаныбек Кыдыкбаев
  11. Талайбек Масабиров
  12. Жамиля Исаева
  13. Надира Нарматова
  14.  Камила Талиева
  15. Гулшаркан Култаева

«Ишеним»

  1. Медербек Алиев
  2. Эмилбек Жусупов 
  3. Таалайбек кызы Жылдыз
  4.  Сүйүнбек Өмүрзаков
  5.  Улугбек Ормонов
  6. Нурбек Сыдыгалиев
  7.  Марат Мураталиев
  8.  Бахридин Шабазов
  9.  Русланбек Жакышов
  10.  Миргүл Темирбаева
  11.  Айсара Абдибаева
  12. Чолпон Султанбекова 

«Ынтымак»

  1. Эрулан Көкулов
  2. Шарапаткан Мажитова
  3. Талант Мамытов
  4. Бакыт Тентишев
  5. Мурадил Сыдыков
  6. Марлен Маматалиев 
  7. Балбак Түлөбаев
  8.  Аида Исатбек кызы
  9. Лейла Лурова

«Альянс»

  1.  Чыңгыз Айдарбеков
  2. Алтынбек Сулайманов
  3. Азамат Исираилов
  4. Фарходбек Алимжанов
  5. Гүлкан Молдобекова
  6. Нилуфар Алимжанова
  7. Токтобүбү Оргалча

«Бүтүн Кыргызстан»

  1. Адахан Мадумаров
  2. Исхак Масалиев
  3. Эмил Токтошев
  4. Алишер Эрбаев
  5. Орозайым Нарматова
  6. Гүля Кожокулова

«Ыйман Нуру»

  1. Нуржигит Кадырбеков 
  2. Султанбай Айжигитов
  3. Замирбек Мамасадыков 
  4. Винера Раимбачаева
  5. Динара Ашимова.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда 90 депутаттын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмек. БШК бир мандаттуу 35 округдун жыйынтыгын чыгарды. Чүй-Кемин округунан уткан талапкердин кош жарандыгы текшерилип жаткандыктан, аталган округ боюнча шайлоо жыйынтыгы чыга элек.

Биринчи май жана Свердлов округдарындагы шайлоодо баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан, эки округда кайра шайлоо өтөт. 

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын парламентинин “Борбор Азия – Германия” достук тобунун депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында өтүп, анда тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты. Адылбек Касымалиев Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында учурда 6 жаңы мектеп курууда. Алардын бири — Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп. Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана менен камсыз болот. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык