«Кумтөр» бюджетке 11.7 млрд сом которгонун билдирди

«Кумтөр» бюджетке 11.7 млрд сом которгонун билдирди

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК үстүбүздөгү жылдын 11 айында бюджетке 11.7 млрд сомдон ашык каражат которгонун билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, каржы министри Алмаз Бакетаев дүң кирешеге салык боюнча гана (алтын сатуудан түшкөн кирешенин 13%) маалыматын жарыялаган. План боюнча 6 млрд 916 млн сом каралган болсо, «Кумтөр» 6 млрд 998 млн сом төлөгөн.

Жалпысынан 11 айда 11 млрд 714 млн сом салык, анын ичинде социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөн. Ошол эле мезгилде 8 млрд 2 млн сом өлчөмүндө төлөмдөр каралган.

«Кумтөр» жыл аягына чейин мурда жарыяланган планды 1.5 эсеге ашык аткарып, 13 млрд сомдон ашык салыкты төлөөнү пландап жатканын билдирди.

Компания ошондой эле келерки жылдын башында толук жыл жыйынтыгы боюнча отчетун жарыялоону убада кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын парламентинин “Борбор Азия – Германия” достук тобунун депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында өтүп, анда тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты. Адылбек Касымалиев Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында учурда 6 жаңы мектеп курууда. Алардын бири — Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп. Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана менен камсыз болот. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык