«Кыргызкөмүр» МИ 740 миң тонна көмүр казды

«Кыргызкөмүр» МИ 740 миң тонна көмүр казды

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-декабрга чейинки аралыкта Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп дейт Энергетика министрлиги.

2020-жылы бир жылда 497 миң тонна көмүр казылган.

Министр Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен 4 айдын ичинде жарым млн тонна көмүр казылып, Бишкек ЖЭБине, бюджеттик мекемелерге жана калкка берилген.

«Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн иш үзгүлтүксүз жана активдүү жүрүүдө. Учурда күнүнө 30 техника иштөөдө. Суткасына орто эсеп менен 200гө жакын унаа көмүр ташып жатат. Биз калкты кыштан жылуу алып чыгыш үчүн, бар күчүбүздү жумшай беребиз», – деди Доскул Бекмурзаев.

Маалыматка ылайык 2021-жылдын сентябрь айынан баштап, декабрь айынын ортосуна чейинки аралыкта 508 миң тонна казылса, 2020-жылы акыркы 4 айда 345 миң тонна көлөмүндөгү кара алтын казылган.

Экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет.

КР бир сезондо 3 млн тонна көмүр жагат, анын 1 млн 200 миң калк жагат. 240 миң тоннасы социалдык объекттерге кетет. 1 млн 600 миң тоннасын жылуулук борбору жагат, анын 600 миңи Казакстандан импорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык кызматташууну талкуулашты

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын парламентинин “Борбор Азия – Германия” достук тобунун депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында өтүп, анда тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты. Адылбек Касымалиев Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында учурда 6 жаңы мектеп курууда. Алардын бири — Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп. Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана менен камсыз болот. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык