Бажы кызматы 11 айда бюджетке 41 млрд сом төктү

Бажы кызматы 11 айда бюджетке 41 млрд сом төктү

Бажы кызматы 11 айда 41.4 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.

2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 67%дан ашык өскөн.

Кубанычбеков ошондой эле бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолду. Алсак, 11 айда 2227 бажылык укук бузуу фактылары аныкталып, алар боюнча 2070 мыйзам бузуу фактылары ачылып, 9.5 млн сом айып өндүрүлүп, 132.4 млн сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Мындан тышкары, бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 157 материалды кароонун жыйынтыгы боюнча 93.9 млн сом зыяндын орду толтурулган. Жалпысынан мамлекеттик бюджетке кошумча кирешелер 235.8 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

3-июлда эртең менен саат 09:00 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таш кулады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан кийин кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Учурда жолду таштардан тазалоо иштери уланууда.

Таластын Арал айылында көчөттөр отургузулду

Таластын Арал айылында көчөттөр отургузулду

Талас районунун Арал айылында жашыл карагай менен ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, көчөттөрдүн аймагы мал-жандыктардан жана башка сырткы таасирлерден коргоо максатында толугу менен тосулду. Иш-чараны "Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында Талас регионалдык башкармалыгы аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана

Кыргызстанга эл аралык жүк ташуу логистикасын ачуу демилгеленди

Кыргызстанга эл аралык жүк ташуу логистикасын ачуу демилгеленди

Дүйнөдөгү экспресс-жеткирүү жана логистика тармагындагы эң ири операторлордун бири, өнүккөн эл аралык түйүндүн жана күн сайын миллиондогон жөнөтүүлөрдүн ээси ZTO Express кытай логистикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.  "Кыргызстан аэропортторунун” төрагасы Манасбек Самидиновдун маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мультимодалдык логистиканы пайдаланып Бишкекти Европа өлкөлөрү менен байланыштырган жаңы

Мурдагы эл өкүлү Кундузбек Сулайманов эркиндикке чыкты

Мурдагы эл өкүлү Кундузбек Сулайманов эркиндикке чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов 26-июнда эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады. Буга чейин, 1-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кундузбек Сулайманов кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, материалдык пайда алуу