Red Petroleum ККМ саткан компаниялардын ичинен бюджетке эң көп салык төлөдү – дээрлик 3.8 млрд

Red Petroleum ККМ саткан компаниялардын ичинен бюджетке эң көп салык төлөдү – дээрлик 3.8 млрд

«Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, Red Petroleum компаниясы мамлекеттик бюджетке 3 млрд 769 млн сом төлөгөн.

Андан кийин КММ саткан компаниялардын арасынан салык төлөө боюнча экинчи орунда россиялык «Газпром» АКнын туунду компаниясы «Газпром Нефть Азия» (3 млрд 14 млн сом) турат.

«Бишкек петролеум» («Шнос» ЖЧК) болсо 805 млн сом, «Роснефть» 835 млн сом жана «Партнер Нефть» 751 млн сом төлөшкөн.

Жалпысынан алганда, 2021-жылдын 11.5 айында Кыргызстанда ККМ саткан 5 ири компания республиканын мамлекеттик бюджетине 9.4 млрд сом которгон.

Эскерте кетсек, КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум». Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ошто дагы 10 жаңы гүлзар курулуп, алар 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин мэр Жанар Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы гүлбакча ачылган. Эми дагы 10 гүлзар курула турган аймактар аныкталып, алар шаардын ар кайсы бөлүгүндө, буга чейин каралбай келген эски көп кабаттуу

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды. Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, канал 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секундду түзөт. Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу