10 айда КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 661 млн долларга жетти

10 айда КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 661 млн долларга жетти

2021-жылдын 10 айында КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 661.1 млн долларга жетти. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган конференцияда билдирди.

Түркиянын Анкара шаарындагы Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунда (ANKASAM) өткөн иш чарага элчи Өмүралиев, серепчилер жана окумуштуулар, аналитикалык борборлордун жана ММКлардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган борбордун кызматкерлери катышты.

Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма аткарылып жатканын белгилеп, 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 661.1 млн долларга жеткенин жана 2020-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 263.6 млн долларга көбөйгөнүн маалымдады.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык жана туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ошто дагы 10 жаңы гүлзар курулуп, алар 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин мэр Жанар Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы гүлбакча ачылган. Эми дагы 10 гүлзар курула турган аймактар аныкталып, алар шаардын ар кайсы бөлүгүндө, буга чейин каралбай келген эски көп кабаттуу

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды. Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, канал 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секундду түзөт. Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу