«Айыл Банкка» нааразы болгон дыйкандар митингге чыгышты

«Айыл Банкка» нааразы болгон дыйкандар митингге чыгышты

Жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай даттанып жатышканын «Азаттык» билдирди.

Белгилей кетсек, өкмөт быйыл октябрь айында «Айыл Банк» аркылуу дыйкандарга 4.5% насыя берилет деп убада кылган.

Берилген маалыматка ылайык, дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. Бирок, кийин «Айыл Банк» акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болуп жатышканын аталган маалымат булагы билдирет.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 6-декабрда дыйкандар жер салыктарынан бошотулаары жана аларга 6%дык кредиттер берилээри тууралуу жарлыкка кол койгон болчу. Ал эми 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө