Донорлор берген 50 млн доллардын 3 млн доллары консультациялык кызматка, 4 млн доллары күтүүсүз чыгымдарга сарпталат

Донорлор берген 50 млн доллардын 3 млн доллары консультациялык кызматка, 4 млн доллары күтүүсүз чыгымдарга сарпталат

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга бере турган 50.65 млн доллардын 3 млн доллары консультациялык кызматка кетет. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитеттин төрагасынын орун басары Улан Примов 8.8 млн доллар курулуш жумуштарына, консультациялык кызматка 3 млн доллар кетээрин жана бул чоң сумма экенин айтып, анын баасын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы деген суроолору менен Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго кайрылды.

Татиков өз кезегинде бул донорлордун шарты экенин айтып, бирок 3 млн доллар консультациялык кызмат үчун көп экенин айтып, сөздү мериянын кызматкерлерине берди. Алар бул сумма башында 6 млн доллар болгонун жана аны 2 эсеге азайтышканын билдиришти.

Ошондой эле бул долбоордон дагы 4 млн доллар күтүүсүз чыгымдарга каралган.

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50.65 млн доллар берет. Анын жарымы грант, жарымы кредит түрүндө берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ошто дагы 10 жаңы гүлзар курулуп, алар 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин мэр Жанар Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы гүлбакча ачылган. Эми дагы 10 гүлзар курула турган аймактар аныкталып, алар шаардын ар кайсы бөлүгүндө, буга чейин каралбай келген эски көп кабаттуу

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды. Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, канал 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секундду түзөт. Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу