Электробустардын жол киреси 11 сомдон болот – арзан болбойт

2022-жылы республикага алынып келинип, жумушка кирчү электробустардын жол киреси 11 сомдон болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50.65 млн доллар берет.

Шаарды электрлештирүү долбоору 25 млн доллар өлчөмүндөгү кредитти, 25 млн доллар өлчөмүндөгү грантты жана Жогорку технологиялар паркынан 650 миң доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоону камтыйт жана эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустарды сатып алууну каржылайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды