Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт

Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатып, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү керек. Анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөр да бар. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.

Анын алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетине «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ош шаарынын күнүнө карата 10 гүлзар ачылат

Ошто дагы 10 жаңы гүлзар курулуп, алар 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин мэр Жанар Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы гүлбакча ачылган. Эми дагы 10 гүлзар курула турган аймактар аныкталып, алар шаардын ар кайсы бөлүгүндө, буга чейин каралбай келген эски көп кабаттуу

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда

Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды. Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, канал 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секундду түзөт. Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу