Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр

Өзбекстандан алынып келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, анткени айдоочу жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди.

Вице-мэрдин айтымында, жеке фирмалар тарабынан алынган 210 автобустун калган 100 автобусу жөн гана турат, анын себеби, айдоочу жетишпейт.

«2019-жылга чейин 4000 ашуун маршрутка каттаса, бүгүн күндө 1500 гана иштеп жатат. Муниципалдык ишканадан 70 автобус, 130 троллейбус каттамга чыгып жатат», – деди Орозов.

Комитеттин мүчөсү Айнура Аскарова вице-мэрге учурда мэрия Казакстанга барып, автобус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, ал автобустар Кытайдыкы экенин, эмне үчүн Кытайдыкын Казакстан аркылуу алып жатышкандыгы тууралуу суроо салды.

«Алардын сапаты кандай? Кайрадан эле Өзбекстандын автобустарынын тагдырын кайталабайбы? Макулдашуу жүрүп жаткан болсо, бул демек, алып келүү пландалууда, туурабы» – деди Аскарова.

Вице-мэр Таалайбек Орозов сүйлөшүүлөр учурда макулдашуу гана этабында экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө