Автоунааларды арзан баада кайра каттоонун бүтүшүнө 10 күн калды

Автоунааларды арзан баада кайра каттоонун бүтүшүнө 10 күн калды

Автоунааларды арзан баада кайра каттоонун бүтүшүнө 10 күн калды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Эскерте кетсек, акциянын алкагында автоунаанын орточо базар баасынан 0.3% өлчөмүндөгү акы алынбайт. Кайра каттоонун баасы 1360 сомду, эгер мамлекеттик номурду алмаштырбасаңыз, анда 460 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарын алуу-сатып алуу бүтүмдөрүн түзүүдө аларды токтоосуз түрдө кайра каттоодон өткөрүү сунушталат. МККнын алдындагы «Унаа» МИнин 26 аймактык бөлүмү бар, алар дүйшөмбүдөн жумага чейин иш алып барышат.

Унаа ээлери «Унаа» мамлекеттик мекемесинин каалаган бөлүмдөрүнө кайрылып, кыймылдуу мүлктүн ээсинин жашаган жерине же аймагына  карабастан унааны кайра каттоого укуктуу.

Унааларды кайра каттоодон өткөрүүнүн тартиби

1-КАДАМ. Унааны текшерүүдөн өткөрүү керек, кезекти эсепке албаганда ал 5-10 мүнөткө созулат жана сиз ал жерден «Текшерүү актын» алышыңыз керек.

Мамлекеттик номер алмаштырылган учурда, аны автоунаадан чечип, өзүңүз менен кошо алып кетишиңиз керек. Эскерте кетчү нерсе, кайрадан каттоодо регион өзгөрүлбөсө, үч же төрт сандуу болгонуна карабастан, автотранспорттун мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай койсо болот.

2-КАДАМ. Андан кийин күтүү залына барып, маалымат столуна (кабылдамага) кайрыласыз. Кызматкер сизге электрондук кезек билетин берет, сиздин билет номериңизге жараша кезеги менен алар сизге кызмат көрсөтөт.

Маалымат столунан «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун бар-жок экендигин текшере аласыз. Эгер төлөнбөгөн айып пулдар аныкталса, аларды банктын кассаларында же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө туура келет. Төлөнбөгөн карыздар транспорттук каражаттарды каттоо тутумунда аракеттерди чектейт.

Унааны кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтер:

  • ID-паспорт (сатуучунун жана сатып алуучунун)
  • ээликтен ажыратуу укугу бар ишеним кат (эгер бар болсо)
  • транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк
  • текшерүү акты
  • мамлекеттик унаа номери (алмаштырылса)
  • унаа үчүн салык жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция
  • унаа үчүн салык төлөмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (автоунааны каттоодон өткөндүгү үчүн кыймылдуу мүлккө салык төлөөгө болот)

3-КАДАМ. Унааны каттоодо негизги документ – бул сиз унаанын жаңы ээси экениңизди тастыктаган сатуу келишими. Аны каттоо учурунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери түзөт. Сатып алуучу келишимде жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип, керектүү жерлерге кол коюп, документтердин толук топтомун адиске тапшыруу зарыл.

4-КАДАМ. Аягында сиз арызда көрсөтүлгөн сумманы күтүү залында жайгашкан банктын кассаларына төлөйсүз. Убактылуу күтүүдөн кийин чекти тапшыруу иштери менен кызмат кылган адиске тапшырып, мамлекеттик унаа номериңизди жана өзүңүздүн аты-жөнүңүзгө таандык ТК каттоо жөнүндө күбөлүктү аласыз.

Маанилүү! Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык операциялар автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Бул себептен, сиздин талаптырыңызды тез чечип берем деген ортомчулардын сунуштарынан баш тартууңузду өтүнөбүз деп билдирет мамлекеттик мекемеден.

Мындан тышкары окуңуз

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайда тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу аталган аймакка барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат берилбеген жерлерге токтотулган, ошондой эле дарыгерлер,

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

Бишкек шаарында туристтик "Саякат" комплекси жана "Достук" мейманкана комплекси капиталдык реконструкциядан өтүп жатат. Бул объектилер азыр Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилерди башкаруу дирекциясынын карамагында. Дирекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Саякат" комплексин жаңылоого россиялык компания тарабынан тартылган инвестиция көлөмү