"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

Бишкек шаарында туристтик "Саякат" комплекси жана "Достук" мейманкана комплекси капиталдык реконструкциядан өтүп жатат. Бул объектилер азыр Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилерди башкаруу дирекциясынын карамагында.

Дирекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Саякат" комплексин жаңылоого россиялык компания тарабынан тартылган инвестиция көлөмү болжол менен 5 млн долларды түзөт. Ал эми "Достук" мейманканасын толук реновациялоого 15–25 млн доллар жумшалары айтылууда.

Реконструкциянын жүрүшүндө инженердик тармактар толугу менен жаңыртылат. Анын ичинде электр менен камсыздоо, суу түтүктөрү жана канализация системалары алмаштырылат. Мындан тышкары, чатыр, фасаддар жана ички бөлмөлөр оңдолуп, жылытуу системасы модернизацияланат.

"Достук" мейманканасы реконструкция маалында жабык болот. Ошол эле учурда инвестор жыл сайын 40,8 млн сом өлчөмүндө ижара акысын төлөөгө милдеттенме алган. 2027-жылдын IV кварталынан тарта бул сумма 80,58 млн сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2029-жылдан 2049-жылга чейин жылдык ижара акысы 100,9 млн сомду түзөт.

Басма сөз кызматы ошондой эле "Достук" мейманканасы дирекциянын карамагына өткөрүлгөндөн кийин мурда жеке акционерге таандык болгон 35,59% акция мамлекетке кайтарылганын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media