Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайда тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу аталган аймакка барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат берилбеген жерлерге токтотулган, ошондой эле дарыгерлер, бейтаптар жана студенттер үчүн каралган орундарга коюлган унааларга протоколдор түзүлдү. Көптөн бери токтоп турган айрым унаалар айып короого жеткирилди.

Буга чейин бул аймак коноктор үчүн унаа токтотмо катары пайдаланылып келген. Мындан ары унаа токтотуучу жай муниципалдык негизде уюштурулуп, акы төлөнүүчү тартипте иш алып барат.

Унаа токтотмо 100 автоунаага ылайыкталган. Иш тартиби күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин. Аймакта “ШЖТИ” МИнин кызматкерлери нөөмөт жүргүзүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Ошондой эле мамлекеттик каттоо номери жок унаалардын токтотулушуна жол берилбейт. Талаптар бузулган учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media