Бишкек шаарынын четинде жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» көмөк чордону ишке кирди

Бишкек шаарынын четинде жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» көмөк чордону ишке кирди

Бишкек шаарынын четинде 110/10 кВ «Алтын Казык» жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордону ишке кирди. Ал бир нече конуштарды электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысына «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен таанышты.

Президент 110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» жаңы көмөк чордонду пайдаланууга берүү Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объекттерди электр кубаты менен камсыздоо сапатын жакшыртарын белгиледи.

Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө