Президент энергетика тармагындагы пландарын айтты

Президент энергетика тармагындагы пландарын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрь — КРнын Энергетиктер күнүнө байланыштуу энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, энергетика тармагындагы бир топ пландар тууралуу айтты.

Президент Кыргызстан өзүнүн эң маанилүү тармагын өнүктүрүүгө жана энергияны экспорттоочу мамлекет болушуна тоскоолдук жаратып жаткан бир канча көйгөй бар экенин, алардын негизгиси — электр кубатынын жетиштүү топтомдо болбогондугун, чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын башка, кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, бөлөк өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аргасыз болуп келгенибиз тууралуу айтты.

Ошондой эле ал энергетика жаатында ушундай артыкчылыктарды туура пайдалануу аркылуу Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылуу жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүү максатында жакынкы жылдарда төмөнкү тапшырмаларды аткаруу зарыл экендигин белгиледи.

  • иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун 20%га көтөрүү менен бирге толук кандуу реконструкциялоо жана жаңылоо
  • Борбордук жана Түштүк Азиядагы төрт мамлекетти бириктирип турган электр энергиясын берүүчү жогорку чыңалуудагы жаңы тутумду (CASA-1000) киргизүү
  • энергиянын атаандаш булактарын пайдаланууга берүү, ошондой эле Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү, андан тышкары, мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнүн алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычында өндүрүмү 25 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСин, ал эми Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 мегаватт түзгөн чакан ГЭСти жана Кемин районунун Чүй айланма каналында чакан ГЭСти ишке түшүрүү жана башкалар.

«Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Жалпы энергетиктерге жана тармактын ардагерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо тилейм. Жалпы эл карап турган жоопкерчиликтүү ишиңиздерде жаңы жетишкендиктер, албан-албан ийгиликтер коштосун!», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66 чакырымдан ашык СИП кабель тартылат

Быйыл Нарын облусунда 66,36 чакырым 10/0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштер Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашырылат. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланып, апрель айынан башталып, октябрь айынын аягына чейин

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай акы төлөнүүчү тартипке өттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Исакеев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайда тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу аталган аймакка барып, кырдаалды жеринде жөнгө салды. Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат берилбеген жерлерге токтотулган, ошондой эле дарыгерлер,

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

"Саякат" комплекси менен "Достук" мейманканасын оңдоого 30 млн доллар жумшалат

Бишкек шаарында туристтик "Саякат" комплекси жана "Достук" мейманкана комплекси капиталдык реконструкциядан өтүп жатат. Бул объектилер азыр Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилерди башкаруу дирекциясынын карамагында. Дирекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Саякат" комплексин жаңылоого россиялык компания тарабынан тартылган инвестиция көлөмү