Салык кызматы булут электрондук кол тамгасын берүү боюнча пилоттук долбоорун баштады

Салык кызматы булут электрондук кол тамгасын берүү боюнча пилоттук долбоорун баштады

Мамлекеттик салык кызматы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен кызматташтыкта салык төлөөчүлөр үчүн булут электрондук кол тамганы берүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу СКнын маалымат кызматы билдирет.

Булут электрондук кол тамга акысыз берилет.

Салык кызматы «Инфоком» менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук кол тамгаларды берүү боюнча күбөлөндүрүүчү борбор болуп таанылды.

Электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи Май, Октябрь райондору, Ош шаары жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча салык органдарынын Бирдиктүү терезесинен алууга болот.

Электрондук кол тамганы алуу менен салык төлөөчүлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу салык отчетторун жана декларацияларды тапшыруу үчүн «жеке салык кабинетин» жана башка мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат.

Салык кызматы жарандарды жана салык төлөөчүлөрдү долбоорго активдүү катышууга жана көрсөтүлгөн салык органдарынан, Ишкерлерди тейлөө борборунан электрондук кол тамгаларды алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул