Жаңы салык кодексине ылайык, милдеттүү патент болбойт

Жаңы салык кодексине ылайык, милдеттүү патент болбойт

Жаңы салык кодексине ылайык, милдеттүү патент болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Жыйында депутат Улукбек Садиков жаңы Салык кодексине ылайык, милдеттүү патенттин тагдыры тууралуу карапайым калкка жалпак тил менен түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

«Милдеттүү патент болбойт, ал жок, контрактык салык төлөө да болбойт. Бирок ыктыярдуу патент калып жатат, өкмөт кайсы тармакка калтырат, карап чыгып, аны кескин түрдө кыскартууга барабыз», – деди Алиев.

Бирок депутатты Алиевдин жообу канааттандырган жок. Садиков бул элге түшүнүксүз болуп жатканын айтып, кодексте патент калганын айтты.

«Эгер ишкердин 8 млн сомго чейин акча жүгүртүүсү болсо, ККМди колдонсо, сырттан экспорттук-импорттук аракеттерди жасабаса, бирдиктүү салык режимин тандаган учурда алар киреше, КНС салыктарынан бошотулуп, нөл пайыздык ставка менен иштейт. Эгерде патентти буга чейин алдын ала алып алган болсо, анда ал бүткүчө ошол патент менен иштеп турат», – деди Алиев.

Анын айтымында, эгер ишкердин колунда жумушчулары бар болсо, анда алардын айлыгынын эсебинен киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү кармап калышы керек.

«Кыргызда бөрк ал десе, баш алгандар бар. Негизи этап-этапка бөлүп, жеңилирээк система менен өтсөңөр болмок. Бир жылда 80 млрд сомго бюджетти көтөрөбүз деп мактанып алдыңыздар. Элге эле кыйын болот. Бул мыйзамдын чийки жерлери бар, бүгүн эле өткөрө коюш туура эмес деп ойлойм», – деди Садиков.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө