Евробиримдик Кыргызстанга 62 млн евро грант берет

Евробиримдик Кыргызстанга 62 млн евро грант берет

Евробиримдиги Кыргызстан менен 2021-2027-жылдарга кызматташуунун жаңы көп жылдык индикативдик программасын кабыл алды. Анын алкагында, биринчи төрт жылда Евробиримдик КРга санариптештирүү жана аны башкаруу, адамдык өнүгүү, жашыл климат, ошондой эле туруктуу экономика үчүн грант түрүндө 62 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Бүгүн биз башкаруу, санариптештирүү, билим берүү тармактарында эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүүгө милдеттенип, кызматташуубуздагы жаңы кадамды баштадык. Жаңы көп жылдык программа Евробиримдиктин кыргыз элине туруктуу колдоосунун далили болуп саналат», – деди делегациянын башчысы Эдуард Ауэр.

Ошол эле учурда 2025-2027-жылдарга программа боюнча каржылоо анын 2024-жылы аткарылышына сереп салыынган соң аныкталат.

Белгилей кетсек, 2014-2020-жылдар үчүн кызматташуунун мурунку көп жылдык индикативдик программасынын бюджети 174 млн еврону түзгөн, анын артыкчылыктуу багыты социалдык коргоо тармагындагы реформаларды колдоо болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө