Министрлер кабинети «Кыргызпатенттин» директорунун жаңы орун басарын дайындады

Исламбек Мойдинов «Кыргызпатенттин» директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылдын 17-декабрындагы №667 тескемеси менен Мойдинов Исламбек Жанышович Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 22-декабрда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Ж. Бакиров Мойдиновду «Кыргызпатенттин» эмгек жамаатына тааныштырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды