«Таатанда» ишкерлердин 45% ККМ колдонушат жана калгандары да колдонууга милдеттүү – Салык кызматы билдирет

«Таатанда» ишкерлердин 45% ККМ колдонушат жана калгандары да колдонууга милдеттүү – Салык кызматы билдирет

«Таатан» соода борборунда ишкерлердин 45%дан ашыгы контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонушат. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы «Таатан» соода-базар комплексинин ишкерлеринин ККМди орнотууга жана колдонууга каршы кечээки митинги боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бишкек шаарында жайгашкан «Таатан» соода борборунда 208 ишкердик субъект иштейт.

Мыйзамга ылайык, «Таатандагы» ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга жооп берген ККМди колдонууга милдеттүү. Ал эми 20 чарчы метрге чейинки соода аянтчасы бар соода түйүндөрү үчүн ККМди колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-декабрына карата 208 субъекттин ичинен KKM- онлайн 95инде (45.6%) орнотулган. Калган ишкерлер боюнча KKM-онлайн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-декабрда «Таатандагы» ишкерлер митингге чыгышкан болчу. Алардын айтымына караганда, ишкерлер товарларды карызга алып, акчасын кийин төлөшөт. Эгер ККМ коюлса салык үстүнө кошулган акчадан эмес, товардын толук суммасынан алынаарын айтышып, ККМди колдонуудан баш тартышкан.

Салык органдарынын кызматкерлери тарабынан KKMди колдонуунун тартиби жана эрежелери тууралуу түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Таатандын» ар бир соодагерине керектүү маалыматтар жеткирилген. Ошол эле учурда субъекттер эч кандай түшүнбөстүктөр жана каршы пикирлерин билдирбегенин СК кабарлады.

«Тилекке каршы, учурда айрым адамдар салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Атап айтканда, кечээки митингдин катышуучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык.

Белгилей кетсек, ККМди орнотуу жана колдонуу мезгилдин заманбап талаптарына жана өлкөнүн бүтүндөй калкынын жана бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берет», – дейт СК.

  • Учурда ККМдин эки түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Смартфонго, планшетке жана компьютерге программалык ККМди жүктөө акысыз ишке ашырылат, бул аппараттык ККМдын кыйла жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкер болгону чекти керектөөчүгө берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди гана сатып алат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө