УКМК Кара-Кечедеги абалга комментарий берди

Эскерте кетсек, социалдык түйүндөрдө Кара-Кече көмүр кенинде көмүр ташуучулар менен «Альфа» атайын күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, кээ бир айдоочулар жаракат алганы тууралуу маалымат тараган болчу. Буга байланыштуу УКМК Кара-Кечедеги абалга комментарий берди.

УКМКнын берген маалыматына ылайык, «Кара-Кече» көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, УКМКнын «Атайын кызматынын» кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.

Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар «Атайын кызматтын» кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышкан.

Учурда абал туруктуу, «Кара-Кече» көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат деп билдирет УКМК.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды