3 коммерциялык банкта жаңы дайындоолор болду – «Халык Банк», «ФинансКредитБанк», «РСК»

Улуттук банк үч коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, УБ «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Ержанов Ануар Булатовичтин талапкерлигин бекитти.

Ал эми «ФинансКредитБанк» ААКтын башкы бухгалтери кызмат ордуна Маткабылова Нуркыз Аттокуровнанын талапкерлиги жактырылды. 

Ошондой эле УБ «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Асизов Касен Асизовичтин талапкерлигине макулдук берди. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды