Аз камсыз болгондор үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга арзандайт

16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясынын тарифи арзандатылып берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «КРнын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык, айына 700 кВт саатка чейинки керектөөдө (1 кВт\с – 50 тыйын өлчөмүндө) электр энергиясына өзүнчө тарифтер белгиленет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды