Кара-Балтада килем фабрикасынын ордуна текстиль чыгарган ишкана ачылат. 800-1000 жумуш оруну түзүлөт

Кара-Балтада килем фабрикасынын ордуна текстиль чыгарган ишкана ачылат. 800-1000 жумуш оруну түзүлөт

Кара-Балтада иштебей турган килем фабрикасынын ордуна текстиль иштеткен ишкана ишке кирет. Долбоор 25 млн долларга бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда өткөн брифингде Инвестициялар боюнча агенттигинин министри Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы агенттик алтыдан ашык инвестициялык долбоорду ишке ашырууну пландап жатат жана анын ичинде токтоп турган Кара-Балта килем фабрикасын кайра ишке киргизүү пландалууда.

«Акыркы 4 айдын ичинде инвестор менен келишим түзүүгө жетиштик, ал бул долбоорго 400 миң доллар инвестиция салды. Бул жаңы текстилдик кластер, анын алкагында коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, жаңы продукция – флис өндүрүлөт жана КРгы текстилден чыккан калдыктар ушул фабрикада кайра иштетилет», – деди ал.

Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жана ишкерлерге берилген жеңилдиктер тууралуу билдиргенин айтты.

Ишкана 2022-жылдын аягында ишке кириши күтүлүүдө жана анын өнүмдөрдү экспорттоо боюнча жакынкы 4 жылга келишимдери бар. Ошондой эле компания 800-1000 жумуш оруну менен камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө