ККМ эмне үчүн керек, кимге керек – Салык кызматы түшүндүрөт

ККМ эмне үчүн керек, кимге керек – Салык кызматы түшүндүрөт

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналар (ККМ) эмнеге керек экендигин түшүндүрөт.

Салык кызматы, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүүдө. Ушул күндөн тартып фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок ККМдин эски үлгүлөрү колдонулбайт деп билдирет.

Бүгүнкү күндө өлкөдө субъекттер тарабынан 29 миң 87 ККМ колдонулууда.

Кошумчалай кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз берилет. Бүгүнкү күндө ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүндө 2331 пилоттук ККМ орнотулуп, кошулган.

Мурда түшүндүрүлгөндөй, ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъекттер колдонушу керек.

Учурда ККМдин эки түрү – аппараттык жана программалык колдонулууда.

Маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар, фискалдык эс тутуму менен кадимки кассалык аппарттан тышкары, ККМ тиркеме түрүндө да болот. Ал смартфонго, планшетке же компьютерге орнотулат.

Ошол эле учурда, программалык ККМди жүктөп алуу акысыз жүргүзүлөт, бул аппараттык ККМдин жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкерге керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Аппараттык KKMди бүгүнкү күндө KKMди техникалык тейлөө борборунан алууга болот, алсак, мындай 14 борбор иш алып барууда. Программалык KKMди берүүнү фискалдык маалыматтардын 15 оператору жүргүзөт.

Ошондой эле СК «Керемет Банк» жана «РСК Банк» ар бири 1000ден кассалык аппараттарды алышканын белгилейт, алар арыз менен кайрылган ишкерлерге бекер орнотуп беришет. Жалпысынан мамлекеттик банктар субъекттерге 9 миң аппаратты бекер берет.

Алынган ККМди каттоо үчүн ишкер жергиликтүү салык органына кайрылуусу керек. Ал жерде кызматкерлер, зарыл болгон учурда, ККМди колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири түшүндүрүп беришет, иштин тигил же бул түрүн колдонуу үчүн аппараттын кайсы түрү эң ылайыктуу экенин айтышат.

Ошондой эле Салык кызматы салык төлөөчүлөргө кайрылат:

«Урматтуу ишкерлер! ККМди жаңы стандарттар менен колдонуу мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилээрлик пайда алып келет. Ачык фискалдык система түзүлөт, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсү түзүлөт, адилет бизнести көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскарат. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугу корголот.

Мындан тышкары, кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй комплексин даярдоодон куткарат. Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында контролдук-кассалык аппараттарды колдонуу – бул убакыттын талабы.

Мамлекет көп жылдар бою майда жана орто бизнесте иштеген жарандарга патенттик системанын эсебинен бутуна турууга мүмкүндүк берди. Бирок учурдагы өзгөрүп туруучу шарттарда салык салуу системасында жана бүтүндөй салык саясатында адекваттуу өзгөртүүлөр талап кылынат. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөгө байланыштуу мыйзамдар абдан дыкаттык менен аткарылып жатат. Демек, бул мамлекеттердин жарандардын алдындагы социалдык жана башка милдеттенмелерин сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Салык кызматы ар бир субъектти кызмат көрсөтүүдө жана калк менен эсептешүүдө ККМди колдонууга үндөйт. Ушундай ыкмалар менен гана ачык-айкын атаандаштык рыногун түзө алабыз», – дейт СК.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө