Министрлер кабинети айыл чарбасында кластерлерди өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыкты

Министрлер кабинети айыл чарбасында кластерлерди өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыкты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө кластердик системаны өнүктүрүү, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн вегетация мезгилинде үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана сугат суусу менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев белгилегендей, агроөнөржай комплексин жөнгө салуу механизмдеринин өркүндөтүлбөгөндүгү жана натыйжасыз башкаруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн эмгек өндүрүмдүүлүгүнө өз таасирин тийгизүүдө.

«Бизде айыл чарба кластерлеринин ийгиликтүү мисалдары бар. Алардан үлгү алып, мамлекет тарабынан максималдуу колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Күйүүчү-майлоочу майлар, үрөн менен камсыз кылуу, кийинки экспортко документацияларды даярдоо – бул багыттар боюнча колдоо көрсөтүү зарыл. Кластердик өндүрүштү өнүктүрүү менен биз аймактарды өнүктүрүүгө салым кошобуз, натыйжада, жергиликтүү калк иш менен камсыздалып, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артып, өндүрүлгөн продукциянын сапаты жогорулайт», – деди Азиз Аалиев.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев атамекендик агроөнөржай комплексин кластердик өнүктүрүү саясатынын концепциясы менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, ишканаларды иш түрү боюнча 9 негизги кластерге, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу ишканаларга бөлүштүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, долбоорго ылайык, ар бир кластерге акыркы натыйжага багытталган максаттуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жолугушууга бизнес-коомчулук өкүлдөрү катышты, алар агроөнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын билдиришип, ошондой эле өндүрүштүк иштерге байланыштуу келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айтышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө