Ойготпогула. 1-9-январь эс алуу күндөрү деп жарыяланды

Ойготпогула. 1-9-январь эс алуу күндөрү деп жарыяланды

Министрлер Кабинетинин чечими менен Жаңы Жылдан кийин 10-январга чейин эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы дем алыш күндөрү деп жарыяланды. 

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө