Кыргызстан 2020-жылы коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон жана «Центерра Голддон» 424 млн доллар алды

Кыргызстан былтыр эл аралык донорлордон жана канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынан коронавирус менен күрөшүү үчүн 424 млн доллар алган. Бирок бул акча өз максатына карата жумшалган эмес. Бул тууралуу өткөн ишембиде, 25-декабрда, Министрлер кабинетинин жылдын жыйынтыктоочу жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, эл аралык донорлордон 350 млн доллар коронавирус менен күрөшүүгө үч багыт боюнча бөлүнсө, дагы 74 млн доллар «Центерра Голддон» түшкөн.

«Тилекке каршы, бул каражаттар максаттуу жумшалган жок. Жаңы ооруканалар курулган жок. Бардыгы бюджетти колдоого кетти», – деди ал.

Президент быйыл коронавируска каршы күрөш улантылганын кошумчалады. «Бул вирус бизди ар кандай штаммдар менен коркутуп келди. Бирок биз аны жеңдик», – деди Жапаров.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды