29-декабрдан баштап Россиядагы кыргызстандыктар медициналык текшерүүдөн өтүш керек

29-декабрдан баштап Россиядагы кыргызстандыктар медициналык текшерүүдөн өтүш керек

КРнын РФдагы элчилиги эртең, 29-декабрдан баштап РФга визасыз тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керектигин маалымдайт.

Медициналык текшерүүгө – баңги каражаттарын же психотроптук заттарды врачтын рецептисиз колдонуу фактысынын бар же жок экендигин текшерүүнү, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ инфекциясы) менен шартталган ооруларды аныктоо кирет.

Аны тапшыруу үчүн чет элдик адам өздүгүн тастыктаган документти, миграциялык картаны жана анын көчүрмөсүн (бар болсо) көрсөтүшү керек.

Эгерде натыйжа терс болсо, тиешелүү күбөлүк берилет. Эгерде изилдөөнүн натыйжасы оң болсо же изилдөө жүргүзүлбөсө, күбөлүк берилбейт.

Мындай жарандарга карата баңги каражаттарын же психотроптук каражаттарды же жогоруда көрсөтүлгөн оорулары фактысы аныкталган учурда, алардын РФда болушунун (жашоосунун) жагымсыздыгы жөнүндө же РФга кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарды мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын веб-сайттарындагы тиешелүү маалыматтарга көз салып турууну өтүнөт

Дактилоскопиялык мамлекеттик каттоо – манжа изин алуу жана сүрөткө тартуу жол-жобосун камтыйт. Ага өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар аймактык ички иштер башкармалыгына, же ведомстволук ишканага же ыйгарым укуктуу уюмга жеке кайрылуусу керек. Жаныңызда паспорт, ошондой эле адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) менен шартталган оорунун жоктугу тууралуу маалымкат жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган башка документтер болушу керек, б.а. медициналык текшерүү процедурасы манжа изин каттоодон өткөнгө чейин бүтүшү керек.

Милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөндөргө ырастоочу документ берилет. Бул жол-жобо бир жолку жана РФга кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз.

Чет өлкөлүк жарандар милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана (же) медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча милдеттерин аткарбаган учурда, РФда убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.

РФга ишке орношуу менен байланышпаган максаттарда келген чет өлкөлүк жарандар аталган өлкөгө кирген күндөн тартып, 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Манжа изин милдеттүү мамлекеттик каттоонун жана сүрөткө тартуунун тартиби Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүндө, ошондой эле Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин «Паспорттук-визалык кызмат» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын бөлүмдөрүнө караштуу ишканасында, ошондой эле Москва борборундагы Мамлекеттик бюджеттик мекеменин көп функционалдуу борборунда (Сахарово) ишке ашырылат.

Милдеттүү жол-жоболордон төмөнкү категориядагы адамдар бошотулат:

  • алты жашка чейинкилер
  • мурда манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөн адамдар.

Мындай чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изинин каттоосунан жана сүрөткө тартуудан өткөндүгүн тастыктаган документ үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча аймактык органына кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө