Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 66 млн долларлык интервенция жасады

Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 66 млн долларлык интервенция жасады

Улуттук банк кечээ, 27-декабрда бул айдагы экинчи жана быйыл он бешинчи интервенцияны жүргүздү. Өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 65 млн 950 миң доллар сатылды.

Доллардын бардык көлөмүн сатуу интервенция жасалган күндөн башка датадагы эсептешүүлөр менен ишке ашырылган, башкача айтканда, банктар бул каражаттарды кийинчерээк алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык доллардын орточо базардагы сатуу курсу 84.95 сомго жетти.

Акыркы жолу Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатуу боюнча интервенция менен 7-декабрда чыккан. Анда УБ быйылкы рекорддук көрсөкүчкө жетип, 71.3 млн доллар саткан эле.

2021-жылы жасалган 15 интервенцияда УБ доллардын өсүшүн кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден 698.95 млн доллар коротту.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө