JICA Бишкек – Ош жолунун коопсуздугун камсыздоого 9.1 млн доллар берет

Бишкек – Ош жолундагы карды тазалоого Япония 9.1 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек – Ош жолуна мүнөздүү болгон кар көчкүлөрдү тазалоо, жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония өкмөтү Кыргызстанга 1.3 млрд иен (9.1 млн долларга жакын) өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.

Уюмдан билдиришкендей, 24-декабрда Финансы министрлигинде «Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюу аземине Япониянын элчиси Шигеки Маэда жана JICAнын туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото катышкан.

  • Долбоор Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардан коргоочу конструкцияларды, тактап айтканда, карды кармоочу тосмолорду жана сигналдык чекиттерди орнотууну камтыйт. Бул долбоор JICAнын КРгы жолдордогу табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган долбоорлор портфелинин бир бөлүгү болуп саналат.
  • Учурда дагы бир гранттык долбоордун алкагында Бишкек – Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында кар көчкүдөн коргоочу галереясы курулуп жатат.
  • Учурдагы кредиттик долбоордун алкагында ошол эле трассага таш кулоо жана жер көчкүдөн коргоо үчүн инженердик курулуштар курулат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды