Казакстанга жөнөтүлгөн КРнын куралдуу күчтөрү миссиясын аткарууга киришти. ЖЭБ-2 объектисин кайтарышууда

Казакстанга жөнөтүлгөн КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти миссиясын аткарууга киришкенин КРнын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алар Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарып жатышканын ведомстводон кабарлашты.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык, КРдан Казакстанга 150 аскер кеткен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Ал эми президент Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнө кетти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды