ЖККУнун кезексиз сессиясы видеоконференция форматында өттү

ЖККУнун кезексиз сессиясы видеоконференция форматында өттү

Бүгүн, 10-январда, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Өзү эмгек өргүүсүнө кеткен президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган иш-чарага катышты.

Армения Республикасынын төрагалыгы астында өткөн сессияда «Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе талкууланды.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась катышты.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Казакстанда курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына жана Казакстанда тынчтык менен тартиптин орношуна чын дилден кызыкдар экенин баса белгиледи. КР ар дайым туруктуулукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, мамлекеттүүлүктү чыңдоону жана Казакстандын гүлдөп өсүшүн жактай тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Жапаров кармалган ар бир чет элдик жаран, анын ичинде Кыргызстандын жарандары боюнча да Казакстан мыйзамдарынын, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын алкагында ачык, адилеттүү иликтөө болооруна ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы тополоңдорго тиешеси бар деген айып менен кармалган кыргыз жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жолдоду. Ошондой эле Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып кайра кое берилгенин билдирди. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө

Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Кыргызстандыктар эми интернет алдамчылыгы же шектүү чалуулар болсо, мамлекеттик органдарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн негизде, ыкчам кайрыла алышат.  Эгер жаранга шектүү телефон чалуу же билдирүү келип, же ал шылуундардын курмандыгы болуп калса, арызды электрондук түрдө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тиркеме аркылуу колдонуучулар: -        электрондук кайрылуу түзө алышат; -        тиешелүү мамлекеттик органды тандай

Чүйдө 4,6 млн сомдук акциздик белгиси жок өндүрүмдөр табылды

Чүйдө 4,6 млн сомдук акциздик белгиси жок өндүрүмдөр табылды

Чүй облусунун Новопокровка айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик белгиси жок алкоголдук өндүрүмдөр жана күйүүчү-майлоочу майлар аныкталды. Салык кызматынын маалыматына караганда, кампалардын биринен акциздик маркасы жок 436 даана алкоголдук ичимдик, ошондой эле жалпы көлөмү 13 миң 306 литр мотор майы табылган. Алардын жалпы наркы 4 млн 617 миң 518 сомду