2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы 100 млрд сом салык жыйнашы керек

2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы 100 млрд сом салык жыйнашы керек

2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы кызматы 100 млрд сом салык чогултушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме учурунда билдиргенин кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров МСКнын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгиледи. 

«Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 млрд сомго жакын салык жыйноо, ал эми Бажы кызматынын алдына 100 млрд сомго жакын план коюлган», – деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Жапаров МСКнын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Салык кодексине ылайык, Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объекттеринин сапатын туруктуу негизде көзөмөлдөп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолдорунун курулушу текшерилди. Көзөмөл иштери Жеңиш, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Боз-