АКШ январда КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет

АКШ январда КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет

АКШ январь айында КРга 150 миң доза Pfizer вакцинасын берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Джонсон маалымат жыйынында билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, аны жардам катары АКШ элчилиги берет. Эскерте кетсек, буга чейин 10-декабрда АКШ экинчи жолу КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырган. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген болчу.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жолдор жана көпүрөлөр тазаланып, сырдалууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, тазалыкты камсыз кылуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аткарылууда. Аталган иштерди Манас шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийлик

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 3-чакырымындагы жол жээги жуулуп кеткен.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда министрликке караштуу №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан суунун нугун буруу жана селден жабыркаган тилкени калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.  Аталган иштерге 2 жүктөгүч жана 1

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 214 – 270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок – Кубакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Учурда аталган унаа

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

2-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Германиянын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл