«РСК Банктын» уставдык капиталы дагы 2 млрд сомго көбөйдү

«РСК Банк» ААКнын уставдык капиталы (мамлекеттик үлүшү 100%) дагы 2 млрд сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимди аталган банктын жалгыз акционери – Мамлекеттик мүлк фонду кабыл алган. Белгиленгендей, уставдык капитал жөнөкөй акциялардын 21-чыгарылышынын жайгаштырылышына байланыштуу көбөйтүлгөн. Бир акциянын номиналдык баасы 500 сомду түздү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында 20-чыгарылыштан улам «РСК Банк» ААКнын уставдык капиталы 885 млн сомго көбөйгөн болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды