«Эти Бакыр Терексай» ишканасы суу чачыраткыч жабдуу сатып алды

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы суу чачыраткыч жабдуу сатып алды

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жер казууда айлана-чөйрөгө чыгып жаткан чаңды азайтуу максатында Кытайдан атайын суу чачыраткыч жабдуусун сатып алды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Жабдуу атайын казуу иштери жүргүзүлүп жаткан карьерлерде колдонулмакчы. Ал сууну газ түрүндө чачыратып, чаңды жок кылат. Азыр механикалык бөлүм тарабынан атайын жүк ташуучу унаага суу цистернасы, трансформатор жана суу чачыраткыч жабдуу орнотулуп, унаанын жардамы аркылуу карьерлерге барат. Суу чачыраткыч унаа газ түрүндөгү сууну 100 метр алыстыкка чейин чача алат. Ишкана жабдуунун жардамы аркылуу абага чыгып жаткан чаң жок боло тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 9-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары дал ушул чаңга байланыштуу «Эти Бакыр Терексай» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, митингге чыгышкан болчу. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү абаны булгап, балдардын оорусуна себеп болууда. Эң чоң көйгөй чаң болууда деп билдиришкен эле алар.

  • «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү кыргызстандык «Кыргызалтынга»75% түркиялык «Эти Бакыр» ААКга таандык. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объекттеринин сапатын туруктуу негизде көзөмөлдөп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолдорунун курулушу текшерилди. Көзөмөл иштери Жеңиш, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Боз-